22-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,
Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...-5 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18 градус болот.