“Республика Ата Журт”-жаңы партия

Эки саясий партиянын мүчөлөрү “Республика Ата Журт” деген аталыштагы жаңы саясий партиясы түзүлгөнүн расмий жарыялашты.

“Ата журт” жана “Республика” партияларынын биргелешкен курултайында Өмүрбек Бабанов учурдагы башкаруу системасын алмаштыруу зарыл болуп турганын айтты. Анын оюнча мамлекет президенттик-парламенттик башкарууга өтүшү керек.