21-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 6...11,
Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 14...19,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13 градус жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5 градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12 градус жылуу, күндүз жамгыр жаап, 8…10 градуска чейин жылуу болот.