Эртең, 20-октябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда айрым жерлерде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүзү 18...23
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүзү 18...23
Баткен облусунда түнкүсүн 5...10, күндүзү 17...22
Ош облусунда түнкүсүн 5...10, күндүзү 19...24
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 5...10, күндүзү 19...24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүзү 11...16
Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүзү 11...16
Бий тоолуу аймактарда түнкүсүн -5...-10, күндүзү -3...+ 2
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүзү 21…23° жылуу болот.