Москвада “Новороссиянын” жактоочуларынын акциясы өтүүдө

Москванын Суворов аянтында "Донбасс үчүн күрөш” аттуу митинг өтүүдө. Акцияга чогулган эки жүздөй адам “Новороссияны” таанууну жана Украинанын чыгышынан Киевдин күчтөрүнүн чыгарылуусун талап кылышууда.

Митингге чыккандар өзүн "Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймактын жана “Жаштардын Евразиялык бирикмеси” уюмунун тууларын көтөрүп алышкан.

Москва бийлиги менен макулдашылып өткөрүлүп жаткан иш-чаранын уюштуруучулары, «Новороссия» кыймылынын өкүлдөрүнүн айтымында, митингге беш миңдей адамдын чогулары күтүлүүдө.

Кыймылдын сайтында акцияга өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп аталган аймактын мурдагы коргоо министри Стрелков деген фамилия менен таанымал, Игорь Гиркин де келери жазылган.

Украинадагы орусиячыл козголоңчуларды колдоо акциясы Москвада сентябрдын аягында өткөрүлгөн. ИИМдин маалыматына ылайык, ага он жети миң адам чогулган, ал эми байкоочулар беш эле миң адам келгенин айтышкан.