Кочкордун акими шайланды

Кочкор районунун акими болуп Нурбек Жусупбеков шайланды. Бул тууралуу райондук акимчиликтен кабарлашты. Аким болууга үч адам талапкерлигин койгон. Жергиликтүү кеңеш депутаттары көпчүлүк добуш менен Жусупбековду акимдикке шайлашты.

Буга чейин район жетекчиси Жылдызбек Шералиев август айында өз арызы менен кызматтан кеткен.(BkA)