Ош: калаа тургундары мештүү болду
Калаа башчысынын айтымында убада кылынган 3500 электр плиталары шаарга келип түшкөн.
Алар 15-октябрдан тарта ар бир аймактык кеңештерде тизме боюнча таратыла баштайт.
Шаарда бийлик камкордугуна муктаж 5300 үй-бүлө катталган.
Анын үч жарым миңине шаар бийлиги электр плиталарын, калганына газ баллондорду таратат.