Осмонов: Элдин салык төлөө маданияты төмөн

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Салык кызматын коррупциядан арылтуу кыйынга турууда. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, бул системаны паракорлуктан арылтуу үчүн бир катар реформаларды ишке ашыруу зарыл болуп турат. Салык кызматынын төрагасы мекемедеги көйгөйлөр жана ишке ашып жаткан демилгелер тууралуу “Азаттыкка” маек курду.