Министр орун басары Дыйкановдун иши сотко өткөрүлдү

Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйкановдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш алкагында Дыйканов менен катар Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын башчысы жана Ош-Баткен-Исфана автожолун куруу боюнча башкармалыктын үч кызматкерине айып тагылды.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы 2010-2013-жылдары бюджеттеги 22 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз колдонгон. Анын 5 миллион сомун Дыйканов баштаган Транспорт жана коммуникация министрлигинин жооптуу адамдары пара катары алып турган деп шектелүүдө. Максатбек Дыйканов июль айында камакка алынган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BkA)