Октябрь айынын соңунда “Бишкек шаары – 2014-жылы ислам маданиятынын борбору” долбоорунун алкагында ислам дүйнөсүнүн тасмалары көрсөтүлөт.
Кинофорумду уюштуруп жаткан Кинематография департаментинен кабарлашкандай, 28-октябрда башталчу фестивалда дүйнөгө таанылган белгилүү тасмалар көрсөтүлөт. Өз тасмаларын көрсөтүүгө ирандык режиссерлор макулдугун берген. Азырынча индиялык режиссердон жооп келе элек. (ZMa)