Сулайман-Тоодогу көңүл ооруткан көрүнүш

Дарбазадан киргенден баштап, дээрлик ар бир тепкич "автографка" толгон.

Тоо чокусундагы Бабурдун үйүнүн чатыры да кол тамгадан кур калган эмес.

Спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү.

Тоо боорундагы музейдин чыга беришиндеги дубалга сагызды чаптап кетүү жаштар арасында модага айланган.

Ал дубалдан миӊдеген адамдардын оозунан чыккан ар түстүү сагыздардын чаптандысын көрүүгө болот.

Сулайман-Тоодогу бак-дарактарга чүпүрөк байлоо адатынын айынан жолго жакын жердеги дарактардын шактарында чүпүрөктөр салбырап турат.

170 гектар жерди ээлеп жаткан музей комплексин кызматкерлер көзөмөлдөп үлгүрүшпөйт.

Тоого жыл сайын 100 миӊден ашык турист зыярат кылат.