Бүгүн башталчу форумда Сеулдун Борбордук госпиталы кыргызстандык пульмонологдорго медициналык жабдууларды берет. Форум ички ооруларга чалдыккан бейтаптарга көрсөтүлгөн медициналык жардам, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо, пульмонологиялык кызматты өнүктүрүү үчүн жаңы технологияларды жана инвестицияларды тартуу максатында уюштурулуп жатат.
Иш-чарага Сеулдун ири клиникаларынын жана жеке медициналык борборлордун жетекчилери, Улуттук медициналык борборлордун алдыңкы адистери катышат. (ZMa)