"Каралар" тооруган Кара-Кече
Кара-Кеченин көмүрүн алуу үчүн келген "КамАЗдар" кенде ар кандай себептерден улам 10-20 күндөп, айрым учурда бир айлап туруп калат. Жүздөгөн жүк ташуучу унаалардын тыгыны, кезек талашып жаңжалдашуу, уруш-талаш кадимки көрүнүшкө айланып калган.
7-октябрда Кара-Кеченин оозундагы көзөмөл бекет расмий ачылды.
Кара-Кече көмүр кени уюшма кылмыш топтордун уюгуна айланып калганы айтылып эле келген. Таасирлүү кылмыш топтордун ортосундагы тиреш чыр-чатак, калайман мушташ менен аяктаган фактылар болгон.
Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Кеминде 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Ташкөмүр жер үстүнөн казылып алынгандыктан наркы арзан. Негизинен Кыргызстандын түндүк облустарына жана Бишкек шаарына ташылат.
Кара-Кечеде азыр үч ишкана - “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалы, “Шарбон” жана “Ак-Жол” көмүр казып жатат. Дагы бир компания болсо лицензиясы боюнча соттошууда.
Кара-Кече көмүр кенинине байланыштуу бир топ чуулуу окуялар болгон. Эки ыңкылаптан кийин кенди басып алууну каалаган ар кандай топтор чыккан. Мындан улам 2010-жылы Кенди коргоо комитети түзүлгөн
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Молдосариев көзөмөл бекет иштей баштаса, көмүр бизнеси “каралардан” арылат деп ишендирип жатат.
Кара-Кечеде жүздөгөн адам иштейт. Көмүр казуунун начардыгы, шарттын анча жакшы эместигине байланыштуу машакат менен коштолот.
Көзөмөл бекет негизи эки контейнерден турат. Анда милиция кызматкерлери, салыкчылар, ошондой эле көмүр казган ишканалардын өкүлдөрү болот. Видеокөзөмөл орнотулат. Кийинчерээк онлайн режимде иштей баштамакчы.