Электр меши өчүрүлгөндөрдүн саны 21 миңден ашты

Өлкө боюнча электр кубатын 3 фазада жылуулук үчүн колдонгон 21 миң 600 абоненттин электр жылыткычтары өчүрулдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин электр кубатын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Эрмек Абдубалиев билдирди. Анын айтымында колдонуучулардын айрымдары өз каалоосу менен 3 фазадан 1 фазага өтүү боюнча арыз жазышкан.

4-сентябрда чыккан өкмөт токтомуна ылайык, сауна-мончолордо, кафе-ресторандарда, курулуш объекттеринде, автоунаа жуучу жана оңдоочу жайларда электр энергиясын сууну, имаратты жылытуу үчүн колдонууга тыюу салынган.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча электр энергиясын 3 фазада колдонгондордун саны 125 миңден ашат. Алардын 80 миңге жакыны үйлөрүндө электр мештерин колдонот. Өкмөт быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү аз болгондуктан электр энергиясына чектөөлөрдү киргизген. (UEz)