9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-4, күндүз 5...10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3...-5, күндүз 3...8,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-3, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-5, күндүз 3...5,
9-октябрда Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, карга айланат. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн -1…-3° үшүк жүрөт, күндүз 5…7° жылуу болот .