Парламент Максүтовдү маданият министри кылып бекитти

Жогорку Кеңеш режиссер Алтынбек Максүтовду маданият, маалымат жана туризм министри кылып бекитти. Ага жыйынга катышкан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди.

Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин процедура боюнча өкмөт башчысы колдоп, парламент бекитет. 42 жаштагы Максүтов буга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген. Ал коомчулукка эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана жакында өткөн “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары белгилүү. Мурдагы министр Камила Талиева 16-сентябрда кызматтан алынган.(UEz)