Кыргызстанда акыркы бир ай ичинде көмүрдүн баасы 20 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу “Азаттыкка” монополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында, бир ай мурда көмүрдүн бир тоннасы Кара-Кече кенинде 1300 сом, ал эми Баткенде 6500 сом деп бааланып келген. Бирок бир ай ичинде көмүрдүн бир тоннасы Кара-Кечеде 2000 сомдун айланасына, Баткенде 11 миңге сомго жеткен. Буга байланыштуу агенттик көмүр баасын жөнгө салуу боюнча токтом даярдап жатат. Анын негизинде өлкө базарларындагы көмүрдү баасы негизсиз жогорулатууга каршы чаралар көрүлмөкчү.(UEz/BkA)