УОК “Вечерний Бишкектин” айланасындагы абалга тынчсызданды

Кыргызстандын Улуттук оппозициялык кыймылы “Вечерний Бишкек” гезитинин айланасындагы абалга тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган кыймылдын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, басылма айланасындагы акыркы окуялар кийинки жылдагы шайлоого байланыштуу болууда. Парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү эң ири жана кирешелүү басылманы бийлик өкүлдөрү өз көзөмөлүнө алууга аракет кылууда.

Буга чейин “Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Гезиттин жүйөсүндө, Ниязов гезиттин мурдагы кызматкерлерин чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат. Бирок Ниязов бул айыптарга четке кагып, акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттаган.

24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.(KJ/BkA)