Туунун авторлорунун бири Сабыр Иптаров дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү педагог Сабыр Иптаров кечээ 58 жашында кан басымы оорусунан улам дүйнө салды. Анын сөөгү эртең Бишкек шаарында жерге берилет. Сабыр Иптаров Нарындын Кочкор районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн.

Ал "Этнопедагогикалык сөздүк" жана башка эмгектердин, илимий, публицистикалык макалалардын автору. Ошондой эле бир катар окуу китептерди жазган жана көркөм чыгармаларды которгон. Булардан тышкары, Бишкек шаарынын эн белгисин тарткан Сабыр Иптаров Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги жана бир катар медалдар менен сыйланган.(TSh)