Донецктеги атышуудан эки адам набыт болду

Донецкте абал чыңалуу бойдон калууда. Өткөн түндөгү атышуудан эки адам набыт болгону айтылды. Ишемби күнү аткыланган снаряддардан Пугачева жана Куйбышев райондорунда бир нече жергиликтүү тургундардын турак үйлөрү талкаланган.

Буга чейин Украин президентти Петр Порошенко Донецкте бардык ишкана токтоп калганын айтып, төрт айдан бери жергиликтүү эл пенсия, айлык маяна албай калгына кейиген. (TSh)