6-октябрь дем алыш күн деп жарыяланды

Мындай токтомго өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койду. Курман айт 4-октябрь ишембиге туш келгендиктен кыргызстандыктар дүйшөмбү күнү да эс алышат. Эмгек кодексине ылайык эгер майрам күн дем алышка дал келсе, кийинки күн иш күнү деп саналбайт. (UEz)