Азиада: эки кыргыз балбаны жарым финалда күрөшөт

Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык эки балбан грек-рим күрөшүнөн жарым финалдык таймаштарда күч сынашат. 130 кг. салмакта Мурат Рамонов чейрек финалда тажикстандык Муроджан Туйчиевди утса, 85 кг. салмакта Азат Бейшебеков эки беттеш өткөрүп, жарым финалга чыкты.

Бүгүн грек-рим күрөшүнөн Самат Шырдаков коло үчүн күрөшөт. Руслан Царёв чейрек финалдык таймаштарда атаандаштарына утулуп, мелдештерин жыйынтыктады.

Ошондой эле көркөм гимнастика боюнча мелдештерде Фируза Сыдыкова жана Салтанат Кыязовалар өз өнөрлөрүн көргөзүүдө.(BkA)