Президент Алмазбек Атамбаев карылар күнү менен куттуктады. Өз куттуктоосунда өлкө башчысы карыларга татыктуу жашоону камсыз кылуу үчүн өкмөт бардык күч-аракетти жумшай турганын убада кылды.
“Сиздердин талыкпаган эмгек, кажыбаган кайрат, пайдалуу кеп-кеңешиңиздер биздин демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп турат” деп айтылат куттуктоодо.
Кыргызстандагы пенсия курагындагы карылардын жалпы саны 600 миңге жакын. БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1-октябрь 1991-жылдан тарта карылардын эл аралык күнү деп белгиленип келет.(BkA)