Азиада: Балбан Жанарбек Кенжеев коло медал утту

Түштүк Кореяда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев коло байгенин ээси болду. Ал грек-рим күрөшүнөн 80 килограмм салмакта 3-орун үчүн беттеште йемендик Хасан Мохаммедди артыкчылык менен утту. Жанарбек Кенжеев буга чейин чейрек финалда кытайлык Чен Вей менен беттешип, жеңишке жеткен. Ал эми жарым финалда жапониялык Цурумаки Цукассага 3:1 эсебинде утулуп калып, алтын байгеге талапкер болуудан куру калган. Кенжеев 2010-жылы Дохада өткөн Азия оюндарында да коло медал тагынган эле.

Буга чейин кыргызстандык спортчулар арасынан велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болушкан.(ECh/BkA)