Транспорт министринин орун басары дайындалды

Эрнис Мамырканов транспорт министринин орун басары болуп дайындалды. Мындай жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен мурдагы орун басар Дүйшөнбек Абдылдаев кызматтан бошотулду.(BkA)