Стамбул: Башкы консулдукка 20 жыл

Мааракелик салтанат кыргыз ыр-бийлери менен коштолду.  

Салтанатка Стамбул шаар бийлигинин расмий өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Стамбулдагы дипломатиялык миссияларынын жетекчилери, жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Салтанатка Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулдары да чакырылган. Конокторго концерт тартууланып, сүрөт көргөзмө уюштурулду. Кече Башкы консулдук жана кыргыз-түрк достук коому тарабынан өткөрүлдү.

Кечеде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов кыргыз өкмөт башчысы жана Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан достук коомунун жетекчилерине грамоталарды тапшырды.