Кытайда Гени Хасан Нурмамбет жана Нурмамбет Абидилмит Шиңжаң Уйгур автоном районундагы Кашгар шаарында Ид Ках мечитинин имамы - Жума Тахрирди өлтүрдү деп айыпталып, өлүм жазасына кесилди. Ал эми Атавулла Турсун өмүр бою эркинен ажыратылды. Маалымат каражаттары алардын уйгур улутунда экенин жазышууда.
Жума Тахрир 30-июль күнү өзү иштеген мечиттин жанында киши колдуу болгон. Маркум көбүрөөк Кытай бийлигин колдоп, насаат жүргүзүп келгени айтылып жүрчү. (КЕ)