Кыргызстандык балбан Магомед Мусаев Азия оюндарынын күмүш байгесин тагынды. Эркин күрөштөн 97 кг. салмакта күч сынашууга чыккан Магомед финалдык таймашта ирандык Реза Яздани менен беттешип, 14:4 эсебинде утулуп калды.
Магомед Мусаев финалдык таймашка чейин Пакистан, Индия жана казакстандык балбандарды жеңип, алтын байге үчүн таймашка ишенимдүү чыккан эле.
17-Азия оюндарында учурда Кыргызстандын эсебинде 3 медал бар. Буга чейин велоспорттон Евгений Ваккер күмүш жана эркин күрөштөн Эламан Догдурбек уулу коло байге тагынган. ( EZh/TSh)