12 украин аскери туткундан бошотулду

Украинанын президенти Петро Порошенко өзүнүн Твиттердеги баракчасына өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын туткунунан он эки аскер бошотулганын билдирди.

«Бүгүн түнү Донецк, Луганск жана Кызыл Дон шаарларында туткунда кармалып жаткан 12 жоокер бошотулду», - деп жазды ал.

5-сентябрда Минск шаарында Украина өкүлдөрү менен орусиячыл козголоңчулар ок атышууну токтотуу жана туткундагыларды алмашуу жөнүндө макулдашууга кол койгон болчу. Андан бери орусиячыл козголоңчулардын колунан 1200 туткун бошотулганын Украина Коопсуздук кызматынын өкүлү Андрей Лысенко 22-сентябрда жасаган билдирүүсүндө маалымдаган.