Бишкекте ракка каршы “Жардамдашуу оңой” жармаңкеси өтүп жатат

“Жардамдашуу оңой” жармаңкеси уюшулган алгачкы күнү эле 143 миң сомдон ашык каражат чогулду.

Бул тууралуу аны өткөрүп жаткан активисттер кабарлашты. Бишкекте рак илдетинен жабыркагандарга жардам берүүнү максат кылган “Жардамдашуу оңой” жармаңкеси 27-сентябрда башталган. Иш-чарада активисттер, журналисттер жана өнөр адамдары өздөрү каалаган буюмдарын сатыкка койгон. Түшкөн каражат рак менен ооругандарга жумшалат. Жармаңке бүгүн жыйынтыкталат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 25 миңден ашык адам рак ооруларынан жабыркайт. Мамлекеттик казнадан жыл сайын бул оорудан жабыркагандарды дарылоо үчүн 10 миллион сом бөлүнөт. (TSh)