Бишкектеги бал жармаңкеси

Каалоочулар жармаңкеге коюлган бал түрлөрүн даамдап көрсө болот.  

Жармаңкеге Кыргызстандын булуң-бурчунан келген 25 балчы катышып жатат. 

Бул Каркыранын балы. Ар бир бал түрүнүн жасалган жерине жараша өзгөчөлүктөрү бар. Маселен, Суусамыр менен Ат-Башынын балы өңү жагынан да, даамынан да айырмаланып турат.

Жармаңкеге коюлган балдын килограммы орточо 250 сомдон сатылууда. Эмгек ардагерлери үчүн жеңилдиктер каралган.

Балдын момунан жасалган шамдар. Мындай шамдар күйгөндө жагымдуу жыт бөлүп турат.

Балдын момунан жасалган асем буюмдар.