Кыргызстандын аймактарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28,
Баткен облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында кечинде жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градус жылуу болот.