Жоомарт Оторбаев Баткенге барат

Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 26-27-сентябрда Баткен облусунда иш сапарга барат. Ал жума күнү Сүлүктү шаарында болуп, көмүр кендеринин иши менен таанышат. Лейлек районунда Максат-Кулунду жолунда көпүрөнүн курулушун көрөт. 27-сентябрда өкмөт башчы Кадамжай районунда болот. (AiT)