26-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус жылуу болот.