Бишкек–Исфана аба каттамы жанданат

Исфана аэропортунун көрүнүшү.

Жарым жылдан бери токтоп турган Бишкек-Исфана (Баткендеги Лейлек районунун борбору) авикаттамы 26-сентябрдан тарта кайра жанданат. Аны "Авиа Траффик Компани" ишканасы аптанын дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат. Бул тууралуу аталган компаниядан кабарлашты.

Быйыл апрелге чейин Кыргызстандын эң четиндеги бул аймакка "Скай Бишкек" ишканасы швециялык 33 орундуу “СААБ–340А” учагы менен жумасына үч жолу учуп турган. Бирок жүргүнчү аз деген негиз менен каттам токтотулган болчу. Мындан ары аны британиялык 99 орундуу “Бритиш Аэроспейс БАэ–146-200” учагы аткарат.

Исфана аэробекетинен коңшу Тажикстандын жарандары да Бишкек аркылуу Орусияга учушат.

Исфана аэропорту 1974-жылы курулган жана салмагы 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана тейлөөгө ылайыкташтырылган. Бишкектен ал жака учуу убактысы – 1 саат 20 мүнөт, учуу аралыгы – 545 чакырым.