АКШ армиясынын расмий өкүлдөрү "Ислам мамлекети" уюмунун Сириядагы жана Ирактагы согушкерлерине каршы 23-24-сентябрь күндөрү беш сокку урулганын бышыкташты. АКШнын Борбордук командачылыгынын билдирүүсүнө ылайык, Багдаддын чыгыш тарабындагы соккудан уюмдун согуштук техникасы жабыркады. Сокку ошондой эле күрттөрдүн борбору Эрбил шаарына коркунуч туудурган согушкерлердин турумдарына урулду. Сирияда болсо Ал Каим деген жердеги радикалдардын машинелери талкаланды. Бирок канча согушкер каза тапканы маалымдалган жок.
Ал тапта сириялык активисттер Алепподо "Ал-Каиданын" жергиликтүү канатынын анабашы окко учканын кабарлашты.