Ошто көмүр кымбаттай баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаар бийлиги калаа кышка карата 70-80% даяр болгонун маалымдады. Шаарда электр зымдарын чыңдоо, көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук түйүнүнө туташтыруу жана көмүр сатып алуу кызуу жүрүп жаткансыйт. Бирок ошол эле кезде кышта электр суткасына 8 сааттан өчүрүлүшү мүмкүн болуп турат. Анткени шаарга берилип жаткан энергиянын лимити калкка жетпейт. Ал арада Ошто көмүрдүн баасы да күндөн күнгө кымбаттап баратат.