Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук Банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып инфляциянын деңгээли 4,7 пайыз болду. Ал эми 12 айлык инфляция болсо 7,2 пайызды түздү. Мындай инфляциянын деңгээлине тамак-аштын кымбатташы таасирин тийгизген. Алардын ичинде ун, эт жана сүт азыктары кымбаттаган. Мындан сырткары күйүүчү майларга баанын өсүшү да байкалган.(BkA)