Конституциялык палата: депутаттык топторду түзүү Баш мыйзамга каршы

Кыргызстандын Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун түзүлүшү Баш мыйзамга каршы келет деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу аталган палатанын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, палатага алгач Жогорку Кеңештин депутаты Эристина Кочкарова андан соң “Республика”, “Ата-Журт” партиялары кайрылган. Алар парламентте түзүлгөн депутаттык топтордун мыйзамдуулугун аныктоону өтүнгөн.

Бул арызды Конституциялык палатанын мүчөлөрү бүгүн карап, Баш мыйзамга каршы келет деген чечим кабыл алышты.

Учурда Жогорку Кеңеште беш фракциядан бөлүнгөн “Өнүгүү”, "Демократ", “Ынтымак” аттуу депутаттык топтор бар.(BkA)