Сентябрдын башында Орусиянын Башкы прокуратурасы Британияда каза болгон Борис Березовскийдин активдерин кайтарып алууга аракеттенерин айткан. Бирок Орусиянын Кылмыш иликөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин активдерди кайтарып алуудагы мүмкүнчүлүктөр «өтө төмөн» деп билдирди.
2012-жылдын апрель айында Орусиянын Башкы прокуратурасы Францияда Березовскийдин 13 миллион евро мүлкү камакка алынганын билдирген. 2011-жылы болсо Францияда Березовксийдин эки яхтасы менен виллалары камакка алынган. РИА Новости агенттиги болсо кийинчерээк яхталар камактан чыгарылганын жазган.
Борис Березовский Орусиядан 2001-жылы чыгып кетип, Британиядан башпаанек алган. Лондондо жашаган 68 жаштагы Березовскийдин сөөгү 2013-жылы 23-мартта өз үйүндө табылган. (КЕ)