Туристтердин агымы он пайызга көбөйдү

Кыргызстанга келип жаткан туристтердин агымы өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга өскөнүн Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, былтыр 3 миллион 65 миң чет элдик келген болсо, быйыл алардын саны 3 жарым миллионго жакындады. 2013-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 560 миллион долларды түзсө, быйыл 610 миллионго барабар болду. (SE\UeZ)