Баткен окуясы эскерилүүдө

Бүгүн, мындан 15 жыл мурда Өзбекстан ислам кыймылынын жоочуларынын колунан курман болгондорду Баткен облусунун билим берүү мекемелеринде, аскердик бөлүктөрүндө эскерүү иш-чаралары башталды. Мындай маалыматты өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо жана коргонуу боюнча адиси Учкунбек Жоробаев билдирди.

Анын айтымында, эскерүү иш-чаралары облустун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдык мааракеси менен кошо октябрь айында жыйынтыкталат.

1999-2000-жылдары Баткен облусунун Зардалы, Кожо Ашкан айылдарына экстремисттик топтордун куралчан өкүлдөрү кирген. Алар менен кармашта Кыргызстандын 54 жоокери окко учкан. (JsA)