19-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоо этектеринде карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 10...15,
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 13...18,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15 күндүз 14...18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4...9, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 9...14 болот.
Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн 9…11, күндүз 13…15 градус болот.