Ибрагим Жунусов Түркиядагы элчи болуп дайындалды

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Кыргыз эл артисти Ибрагим Жунусов буга чейин вице-премьер-министр, маданият министри болуп эмгектенип келген.

Түркиядагы буга чейинки элчи Эрмек Ибраимов Австрияга элчи болуп дайындалган. (BkA)