Өлкөнүн Ооганстанга чектеш аймагында согушкерлерге каршы абадан урулган соккудан 20 киши мерт кетти. Алардын баары экстремисттик топ өкүлдөрү экени айтылууда.
Пакистандын аскерий күчтөрү 16-сентябрда тараткан маалыматка ылайык, экстремизмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында Тирах өрөөнүндөгү Хайбер аймагына урулган соккудан согушкерлердин курал-жарагы сакталган эки кампасы кыйрады.
Ошол эле күнү Түндүк Вазиристандагы аскерий бөлүккө чабуул койгон согушкерлердин 11и өлтүрүлдү. Армия 3 жоокерин жоготту.
Пакистандын күч түзүмү июнь айынан бери өлкөнүн түндүк-батышында согушкерлерге каршы операцияларды жүргүзүп келүүдө. Бул аралыкта экстремисттик топтордун миңден ашуун мүчөсү жана жүздөн ашуун аскер мерт кетти.