Бишкекте Кыргызстанда табылган археологиялык эстеликтер тууралуу маалымат камтыган «Археологиялык альбом» басылып чыкты. Альбомду Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары даярдаган. Анда археологиялык изилдөөлөр Кочкор, Тоң райондорунда табылган биздин заманга чейинки доорго таандык буюмдар тууралуу кеңири маалымат берилген. Казууларды «Манас» университетинин «Тескей-Ала-Тоо археологиялык долбоору» аттуу илимий топ жүргүзгөн.(BkA)