Ошто "Кыргызча сабаттуу жазалы!" акциясы өтүп жатат

Ош мэриясына караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан уюштурулган акция көрнөк-жарнактарды туура жазуу, кыргыз тилинин эрежелерин сактоого багытталган. Калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында мэриянын жана шаардык прокуратуранын кызматкерлери коомдук жайлардагы көрнөк-жарнак, жазууларды текшерет. Жарнамасын же башка тийиштүү жазууларды расмий тилде гана жазган мекемелерге эскертүүлөр берилет, аны аткарбагандарга чара көрүлөт.

Акция 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган. Ал сентябрдын соңуна чейин уланат. (SE)