Тоңдо арпа талаасын мөндүр алды

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 12-сентябрда жааган мөндүр аралаш жамгыр Көл-Төр айылындагы 14 гектарга жакын арпа талаасын зыянга учуратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаан 8 кишинин эгин талаасына залака тийгизгенин бүгүн маалымдады.

Учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымды аныктоо ишин жүргүзүүдө. (SE)