Көчмөндөр оюндары: “Кыргызстан-1” көкбөрү боюнча жеңүүчү болду

Ысык-Көлдө өтүп жаткан Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көкбөрү боюнча “Кыргызстан-1” командасы жеңишке жетишти. Топтун улакчылары бүгүн финалда “Кыргызстан-2” командасы менен беттешип 4:3 эсебинде утту. Ал эми үчүнчү орун үчүн Түркия менен Алтайдан келген улакчылар майданга чыгып, 4:0 эсебинде алтайлыктар утуп алды.

Көкбөрү оюндары үчүн жалпысынан 4 жарым миллион сом байге коюлган. Биринчи орунга 3 миллион, экинчи орунга 1 миллион, үчүнчү орунга 500 миң сом берилет.

Оюндар башталгандан бери көкбөрү боюнча өткөн беттештерде түрдүү өлкөлөрдөн келген 8 команда эки тайпада күч сынашты.

9-сентябрда башталган Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 19 мамлекеттен 430 спортчу келген. Иш-чарада көчмөндөргө таандык спорттун 10 түрүнөн мелдештер өтүп жатат. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Казакстан экинчи, Түркмөнстан үчүнчү орунда келатат.

Бүгүн оюндардын жыйынтыктоочу күнү. Жабылуу аземи кечинде Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. (SE)