“Өтмөк” тасмасы Германиядагы фестивалга катышат

Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, режиссер Руслан Акундун “Өтмөк” кыска метраждуу тасмасы Коттбустагы эл аралык кинофестивалдын конкурстук тизмегине киргизилди. Фестивал 4-9-ноябрда өтөт. Ага Европа жана Азиядагы бир нече мамлекеттеги режиссерлордун тасмалары катышат.

Руслан Акундун аталган тасмасы быйыл жазында мыкты кыска метраждуу көркөм тасма деп табылып, улуттук “Ак илбирс” сыйлыгына татыган.(BkA)